Социалдык контракт – жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн ачкычы!
Райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 токтомуна ылайык “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө” токтомунун негизинде мамлекет менен социалдык келишим түзгөн 60 үй-бүлөгө сертификаттар тапшырылды.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.К.Сулайманов, райондук мамлекеттик администрация башчысы аким А.А.Тюкебаев, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы Г.Досматова, айыл өкмөт башчылары жана социалдык келишим түзгөн үй-бүлөлөр катышышты.
Райондун акими А.А.Тюкебаев мамлекет тарабынан ишкердик жүргүзүү үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөнүн, ал эми үй-бүлө ошол мүмкүнчүлүктү колдонуп, өз турмушун оңдоого багыт алып жатканын белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.