Тарыхчы, журналист жана публицист, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу, Токтогул районунун Ардактуу атуулу, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиевдин катышуусунда анын чыгармаларындагы “Тарыхый акыл-эс агымынын чагылдырылышы” аттуу илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чарада “Арслан Койчиевдин жаңы кыргыз адабиятына кошкон салымы” жана “Арслан Койчиевдин өмүр сапары” темасында докладдар окулуп, анын “Беделдеги каргыш” (Мисмилдирик) чыгармасынан сценка коюлду. Ошондой эле кыргыз күүлөрү жаңырып, “Манас” эпосунан үзүндү айтылды.
Иш чарага тарых илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары О.Капалбаев, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев жана Токтогул шаарынын тургундары катышышты.