2026-жылдын 25-февралында тарых барактарында өзгөчө из калтырган Тажик-Ооган чек арасындагы куралдуу кагылышууларга 27 жыл толушуна байланыштуу атайын иш-чара өттү.
Иш чаранын жүрүшүндө Токтогул шаарындагы “Өчпөс отко” гүлчамбар коюлуп, залп атылды, ошондой эле курман болгон жоокерлерге багышталып куран окулду. Иш чара райондук маданият үйүндө уланып, Тажик-Ооган ардагерлерине сыйлыктар тапшырылып, райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.
27 жылдыкка карата райондо жашаган Тажик-Ооган жоокерлерине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каражат бөлүнүп берилип, колдоо көрсөтүлдү.
Иш-чарага Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары
К. Аттокуров, Кыргыз Республикасынын тынчтыкты орнотуу күчтөрүнүн Жалал-Абад облустук “Тажик-Ооган чек арасындагы согуштун катышуучуларынын ардагерлери” коомдук бирикмесинин төрагасы К. Абжапаров, Жалал-Абад облусундагы район, шаарлардын Тажик-Ооган чек арасындагы куралдуу кагылышууларга катышкан ардагерлери, райондогу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары жана тиешелүү ишканалардын жетекчилери катышты.
