Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким – жарандык коргонуу комиссиясынын башчысынын тапшырмасы менен Токтогул районунда «Токой өртү» аталышында командалык-штабдык машыгуу өткөрүлдү.
Машыгууга райондук жарандык коргонуу кызматтары жана тиешелүү мекемелер катышышты.
Иш-чаранын негизги максаты — токой жана талаа өрттөрүнүн алдын алуу, өзгөчө кырдаал жаралган учурда кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо, калкты жана айлана-чөйрөнү коргоо чараларын өркүндөтүү болуп саналат.
Машыгуу учурунда жарандык коргонуу кызматтарынын ыкчам аракеттерин координациялоо, байланыш системасын тактоо жана кырдаалды башкаруу көндүмдөрү практикалык түрдө текшерилди.