Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким – жарандык коргонуу комиссиясынын башчысынын тапшырмасы менен Токтогул районунда 9-10-октябрь күндөрү «Токой өртү» аталышында командалык-штабдык машыгуу өткөрүлүүдө.
2025-жылдын 10-октябры күнү райондун жарандык коргонуу кызматтарынын күч жана каражаттарын баалоо иш-чарасы өткөрүлүп, Токтогул шаарынын автобекетинде кызматтардын техникалары жана жеке курамынын даярдыгы текшерилди. Баалоонун жыйынтыгында катышкан кызматтардын уюшкан иш-аракеттери жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү бааланып, сунуштар берилди.