«Токтогул Дестинация» коомдук бирикмеси «СЕДЕП» долбоорунун колдоосу менен Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи залында «Туруктуу туризм жана санариптик маркетинг» аттуу окутуу-тренинг өткөрдү

Иш-чаранын максаты — жергиликтүү туризм тармагынын потенциалын жогорулатуу, ишкерлердин билим жана көндүмдөрүн өркүндөтүү, ошондой эле тармактын катышуучуларынын ортосунда кызматташтыкты күчөтүү.
Иш-чарага райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К.Аттокуров, Токтогул районунун аймагында туризм багытында иш алып барган ишкерлер, туристтик кызмат көрсөтүүчүлөр катышышып, тиешелүү маалыматтарды алышты.

Leave a Reply