Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы 2026-жылдын 4-мартындагы №14 буйругу жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 4-мартындагы №3-т тескемеси менен Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна Олжобаев Нурбек Курманбекович ротациялоо жолу менен дайындалды.
Жаңы жетекчини райондук билим берүү бөлүмүнүн эмгек жамаатына Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А. Тюкебаев тааныштырды.
Тааныштыруу жыйынында билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелер, алдыдагы милдеттер жана артыкчылыктуу багыттар белгиленип, жаңы жетекчиге ийгиликтүү иш алып баруу тилектери айтылды.
Олжобаев Нурбек Курманбекович 1982-жылы Ноокен районунун Кыла айылында туулган.
Бул кызмат ордуна дайындалганга чейин Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн адиси, мектеп директору жана башка билим берүү тармагындагы жооптуу кызмат орундарында эмгектенген.
