Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

“Дин чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексиндеги 127-1-беренесине ылайык Мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырууга тыюу салуу боюнча Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Жүзүн жашыруу медициналык көрсөтмөлөрүнө, эмгектенүүсүнө жана кызматтык ишине, спорттук иш-чараларга катышуусуна, маданий, оюн-зоок же башка коомдук иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда адамдын жүзүн толук жашыруусу жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынары эскертилет.

Leave a Reply