адырлуу мугалимдер, бүтүрүүчүлөр жана жалпы окуучулар!
Сиздерди бүгүнкү 2024-2025-окуу жылынын аякташы, “Акыркы коңгуроо” майрамыңыздар менен чын ниеттен куттуктайм!
Бул күн – бүтүрүүчүлөр үчүн мектеп менен коштошуу жана жашоодогу жаңы баскычка кадам таштаган эсте калаарлык маанилүү күн.
Он бир жыл бою агай-эжекелерден таалим-тарбия алдыңар. Алдыда ошол алган билимди туура пайдаланып, ата-энелердин үмүтүн, ишенимин актаган, татыктуу инсан болуп калыптануу милдети турат.
Кесипти тандоо – келечекти тандоо, андыктан баарыңыздарды туура кесипке багыт алууга чакырам. Анткени өлкөбүздүн өнүгүүсү өз ишин мыкты билген, билимдүү кадрлардан көз каранды.
Урматтуу бүтүрүүчүлөр!
Кайсыл жогорку окуу жайда билим алсаңар да, жөндөмүңөрдү өлкөнүн өнүгүүсү үчүн пайдаланасыңар деп терең ишенем. Алдыга койгон максат, ой-тилектерге жетип, турмуш жолуңар ийгиликтүү болсун! Кыргызстандын келечегин курган элибиздин татыктуу уул-кыздарынан болгула!
Ал эми мугалимдерибизге бекем ден соолук, ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм! Калган окуучуларбызга эс алууларынын көңүлдүү жана пайдалуу өткөрүүлөрүнө тилектешмин.
Ак жол силерге, кымбаттуу бүтүрүүчүлөр!
Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев

