Аталган акциянын алкагында райондук мамлекеттик администрациянын, райондук прокуратуранын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук билим берүү бөлүмүнүн, Токтогул шаардык мэриясынын кызматкерлеринин, Токтогул райондук аялдар кеңешинин төрайымынын, Токтогул шаарынын имамынын жана Токтогул шаарындагы Токтогул, Ж.Бөкөнбаев, Т.Ормонбеков мектептеринин 8-11-класстарынын окуучу кыздарынын жана алардын ата-энелеринин катышуусунда райондук маданият үйүндө жыйын өттү.
Жыйындын максаты – кыздарга жана аялдарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алуу, ар биринин укугун коргоо жана коопсуз жашоосу үчүн зарыл маалыматтарды берүү, ошондой эле жашы жете элек кыздардын эрте никеге туруусунун алдын алуу.
Жыйындын жүрүшүндө кыздарга жана алардын ата-энелерине жогоруда аталган кызматкерлер тарабынан тиешелүү маалыматтар берилди.









