Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун төрагалыгында жыйын өттү.
Жыйындын күн тартибинде:
1. “Жашыл мурас” Улуттук өнөктүгүнүн алкагында отургузулган көчөттөрдүн абалы;
2. Күз-кыш мезгилине даярдыктын жүрүшү;
3. Улуттук тазалык күнүн өткөрүү жөнүндө маселелер каралды.
Жыйынга мекеме, ишканалардын жетекчилери, шаар мэринин орун басары катышты. Күн тартибиндеги маселелер боюнча тиешелүү мекеме жетекчилерине жана шаардык мэрияга протоколдук тапшырмалар берилди.