Иш сапардын алкагында Достук, Байчечекей жана Арча-Бешик балдар бакчаларына барып, коррупциянын алдын алуу багытында түшүндүрүү жана профилактикалык иштер жүргүзүлдү. Жолугушуулардын жүрүшүндө кызматкерлерге мыйзамдуулукту сактоо, ачык-айкын иш алып баруу, кызматтык этиканы бекем кармануу жана коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө боюнча кеңири маалымат берилди.
Ошондой эле мекемелердин материалдык-техникалык базасы, тарбиялоо процесси жана санитардык абалы менен таанышып чыгышты. Мындан сырткары Арча-Бешик балдар бакчасынын республикалык деңгээлде өтө турган семинарга карата даярдыгы текшерилип, тиешелүү сунуш-пикирлер айтылды.




