Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында окуу-семинар өттү

Бүгүн 09-апрель 2024-жылы Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кичи жыйындар залында окуу-семинар өттү. Семинарда Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин арасында кирешелерди жана мүлктөрдү декларациялоо жөнүндө болду.
Мындан сырткары жаш өспүрүмдөрдүн сууга түшүүдө, ошондой эле тоолуу аймактарда балдардын муз тебүүсүнүн коопсуздугунун сакталышы тууралуу мыйзам талаптарынын аткарылышы боюнча Токтогул районунун Прокуратурасынын сунуштамасы каралды. Сунуштаманын негизинде протокол жазылып, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана тиешелүү мекеме ишканаларга тапшырмалар берилди.

Leave a Reply