Бүгүн Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында 26-январь күнү райондун акими А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду.
Райондун тургундары билим берүү, айыл чарбасы, жер, сугат суу жана башка ар кандай маселелер менен кайрылышты. Райондун башчысы-аким А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди.
Эскерте кетсек, Токтогул РМАнын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Токтогул РМАнын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Т. Асановдун кабыл алуусу ар шаршемби күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Токтогул РМАнын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуровдун кабыл алуусу ар бейшемби күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Токтогул РМАнын аппарат жетекчиси Э.Апит уулунун кабыл алуусу ар жума күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Коомдук кабылдаманын ишенимдүү байланыш телефон номери: 03747 5-00-63.
