Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду

Бүгүн Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасында башчы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу графикке ылайык уюштурулду.
Райондун тургундары жер, таза суу, жайыт жер, сугат суу жана башка ар кандай маселелер менен кайрылышты. Райондун акими А.Тюкебаев тарабынан кайрылган жарандарга тиешелүү кеңештер берилди.
Эскерте кетсек, Токтогул РМАнын башчысы-аким А.Тюкебаевдин жеке кабыл алуусу ар дүйшөмбү күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Токтогул РМАнын башчысы-акимдин биринчи орун басары Н.Кожобергеновдун кабыл алуусу ар шаршемби күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Токтогул РМАнын башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуровдун кабыл алуусу ар бейшемби күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Токтогул РМАнын аппарат жетекчиси Э.Апит уулунун кабыл алуусу ар жума күнү саат 14:00дөн 17:00го чейин.
Коомдук кабылдаманын ишенимдүү байланыш телефон номери: 03747 5-00-63.

Leave a Reply