Токтогул районунда айыл чарба тармагын өнүктүрүү жана дыйкандардын эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу максатында маанилүү кадам жасалды. “Орток” айыл чарба кооперативинин башчысы, жеке ишкер Касымов Шергазы тарабынан заманбап “Кайсун 1604” үлгүсүндөгү 2 даана айыл чарба тракторлору лизинг жолу аркылуу сатылып алынып келди.
Жаңы техникалар акыркы үлгүдөгү шаймандар менен жабдылган. Алар үрөн себүү, топуракты майдалоо, жерди пландоо жана арык (агент) ачуу сыяктуу бир катар маанилүү айыл чарба иштерин аткарууга мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде дыйкандардын ишин жеңилдетип, убакытты үнөмдөөгө жана түшүмдүүлүктү арттырууга шарт түзөт.
Белгилей кетсек, аталган тракторлордун жалпы наркы 12 миллион 500 миң сомду түзөт. Бул инвестиция аймактагы айыл чарба тармагын механизациялоону күчөтүп, заманбап технологияларды кеңири колдонууга өбөлгө болот.



