Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин орун басары К. Аттокуров жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ө. Мадылбаев Үч-Терек айыл аймагына караштуу мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелерде жыйындарды өткөрүштү.
Жыйындардын негизги максаты – билим берүү тармагында коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу, билим сапатын жогорулатуу, ошондой эле окуучулардын арасында коомдогу терс көрүнүштөрдү болтурбоо жана алдын алуу.
Иш-чаранын алкагында жетекчилер билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүнө мониторинг жүргүзүп, тартипти жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, окуу-тарбия процессинин сапатын жогорулатуу боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды беришти.
Ошондой эле педагогикалык жамааттарга мыйзамдуулукту так сактоо, кызматтык милдеттерди так аткаруу жана окуучуларга сапаттуу билим берүү багытында жоопкерчиликтүү мамиле кылуу зарылдыгы белгиленди.
