Токтогул районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында XIV Жалал-Абад облустук спартакиадасы өткөрүлдү

2026-жылдын 25-26-сентябрында Токтогул районунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында XIV Жалал-Абад облустук спартакиадасы өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары У.О.Самаев, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын, шаарлардын мэрлеринин орун басарлары, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарынын башчылары жана район, шаарлардан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар катышты.
Катышуучулар спорттун кол күрөш, жаа атуу, шахмат, шашки, таш көтөрүү, коляска менен жарышуу түрлөрүнөн өзүлөрүнүн аракеттерин көрсөтүштү. Бул иш-чарага Токтогул районунан 18 адам катышып, алардын ичинен 3 катышуучу өкүлчүлүктүн дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.
Иш-чараны уюштуруп, өткөрүү үчүн райондук мамлекеттик администрациянын резервдик фондусунан 50 миң сом каражат бөлүндү.

Leave a Reply