Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча түзүлгөн комиссиясы район аймагында кышкы мезгилде электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүздү.
Комиссиянын төрагасы райондун башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров, комиссия мүчөсү райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги К.Искаков жана тиешелүү мекеме жетекчилер тарабынан кафе-ресторандардын, тойканалардын, дүкөндөрдүн, эс алуу жайлардын ээлерине электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча түшүндүрүү иш-чарасы жүргүзүлдү.
Ошондой эле, райондун аймагындагы мамлекеттик мекемелердин, мектеп, бала бакчалардын, муниципалдык объектилеринде түнкү убактагы электр энергиясын өчүрүү боюнча көзөмөл жүргүзүлүүдө.
Мындан сырткары райондун аймагындагы 11 тойкана кечки саат 22:00го чейин өз ишмердүүлүгүн токтоткондугу белгилүү болду.














