Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары К.Н. Аттокуров тиешелүү мекемелердин кызматкерлери менен Токтогул шаарындагы кафе-ресторандардын, тойканалардын, дүкөндөрдүн, эс алуу жайлардын ээлерине электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу жана “Тынчтык жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Ошондой эле, райондун аймагындагы мамлекеттик мекемелердин, мектеп, бала бакчалардын, муниципалдык объектилеринде түнкү убактагы электр энергиясын өчүрүү боюнча көзөмөл жүргүзүлүүдө.










