Бүгүн Токтогул шаарынын “Тегерек” участогунда заманбап Мал союлуучу жай жана “Кайрак” участогунда Соода-логистикалык борбордун ачылыш аземи болуп өттү.
Ачылыш аземине райондун акими А.Тюкебаев, шаар мэри, мекеме жетекчилери, ишкерлер жана шаар тургундары катышты.
Заманбап мал союлуучу жай жеке ишкер Раханова Зуура тарабынан райондук өнүктүрүү фондуна жалпы баасы 2 млн 750 миң сомдук долбоор сунушталып, толук колдоого алынган.
Жеке ишкердин өздүк салымы 5 млн 395 миң сом болуп, курулуштун жалпы наркы 8 млн 147 миң сомду түздү.
Жаңы мал союлуучу жай жергиликтүү тургундарга санитардык талаптарга жооп берген шартта кызмат көрсөтүп, мал чарбачылыгы тармагында коопсуздукту жана сапатты жогорулатууга багытталган.
Соода-логистикалык борбору боюнча
Токтогул шаарынын тургуну, жеке ишкер Осмонова Бактыгул тарабынан облустук өнүктүрүү фондуна 260 тонналык соода-логистикалык борбор (ТЛЦ) куруу боюнча долбоор сунушталып, фонд тарабынан жактырылган.
Долбоордун жалпы наркы 11 млн сомду түзөт.
Анын ичинен:
9 млн сом — өнүктүрүү фондунун каржылоосу,
2 млн сом — ишкердин өздүк салымы.
















