2025-жылдын 25-26-декабрь күндөрү Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунан шайланган IV Элдик Курултайдын делегаттары тарабынан Токтогул районунун аталышын тарыхый аты Кетмен-Төбө району деп өзгөртүү жөнүндө демилге көтөрүлгөн.
Тарыхый маалыматтарга ылайык, азыркы Токтогул району 1926-жылы уюшулуп, 1939-жылга чейин Кетмен-Төбө району деп аталып келген.
Демилге райондун тарыхый аталышын кайра жандандыруу болуп саналат.
https://www.facebook.com/share/p/17AkornxhH/
Ушул шилтеме аркылуу райондун аталышын өзгөртүү боюнча өз оюуӊуздарды комментарийге калтырсаңыздар болот. Ар бириӊиздердин пикириӊиздер маанилүү.
