2026-жылдын 24-мартында Токтогул районунун прокуратурасынын демилгеси менен Жалал-Абад областынын прокурору Т.Ишеналиевдин балдар арасындагы кылмыштуулукту, укук бузууларды жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу, “кылмыш бир мүнөттө башталат, кесепети узакка созулат” жөнүндөгү көрсөтмөсүн аткаруу максатында, Токтогул районунун Кетмен-Төбө айыл өкмөтүндө жайгашкан 7 жалпы билим берүүчү мектептин 9-11-класстын окуучулары жана ата-энелеринин катышуусунда жолугушуу уюштурулду.
Иш чарага, Токтогул районунун прокурору Б.Абыкеев, райондук ИИБнин башчысы С.Борбашев, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобав, ЖКККБнин башчысы Н.Райымбеков, райондун имамы, Кетмен-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы, социалдык адиси жана РИИБдин жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнүн инспекторлору катышты.
Аталган иш-чара өспүрүмдөрдүн тарбиясын чыңдоо, жоопкерчиликтүү инсандарды тарбиялоо максатын көздөп, өспүрүмдөрдүн арасындагы кылмыштуулуктун себептири жана алдын алуу чаралары, балдарга карта змбулук, эрте никеге туруу сыяктуу көрүнүштөр боюнча түшүндүрмө берилип, “Тагдырды өзгөрткөн бир кадам” аттуу видео ролик көрсөтүлдү.
Жолугушуунун жүрушундө интерактивдүү викторина форматындагы кызыктуу оюн уюштурулуп, анда окуучулар өз билимдерин, тапкычтыгын жана активдүүлүгүн көрсөтө алышты. Иш-чарага өзгөчө кызыгуу менен катышкан окуучулар сыйлыктар жана баалуу белектер менен сыйланышты.
