Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан окуу өткөрүлдү

Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан N1 Токтогул атындагы орто мектебинин 10 жана 11- класстарынын окуучулары арасында Кыргыз прокуратурасынын 100 жылдыгына карата “Жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо прокуратуранын орду” аталышында окуу өткөрүлдү.
Мектеп окуучуларына Кыргыз прокуратурасынын тарыхы, прокуратуранын ишинин укуктук негизи жана прокуратура системасы тууралуу кызыктуу маалыматтар берилип, окуучуларды кызыктырган суроолоруна райондук прокуратуранын кызматкери жооп берди.

Leave a Reply