«Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан жаш өспүрүмдөр арасында зордук зомбулук, жыныстык кол тийбестик, эрте никеге туруу ж.б. кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча лекция өткөрүлдү»

Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан А. Бердалиев атындагы №39-кесиптик лицейинде жаш өспүрүмдөр арасында зордук зомбулук, жыныстык кол тийбестик, эрте никеге туруу ж.б. кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында лекция окулуп түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган жыйынга Токтогул районунун прокурорунун жардамчысы Н.Ташманбетов, РИИБнын кызматкери жана №39-кесиптик лицейдин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары, устат мугалимдер, окуучулар катышты.
Иш-чаранын алкагында окуучуларга кылмыштуулук боюнча толук жана ар тараптуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жана алар тараптан берилген суроолорго толук кандуу жооп берилди.
Адам укугун жана эркиндигин сактоо, анын ичинде жаш өспүрүмдөрдүн укугун коргоо боюнча Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан иш аракеттер жүргүзүлө бермекчи.

Leave a Reply