18.09.2025-жылы Токтогул районунун прокурору Б.Абыкеев, Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысынын биринчи орун басары Н.Кожобергенов, контролдоочу органдардын жетекчилери, Токтогул шаарынын мэри, айыл өкмөт башчылары жана жеке ишкерлердин катышуусу менен ишкердик субъектеринин укуктарын коргоого багытталган жолугушу өткөрүлүп, талкуунун жүрүшүндө мыйзамдарды так сактоо, ишкердиктин ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишүүнү жоюу, ошондой эле ишкердикти текшерүү тартиби, ашыкча текшерүүлөр, ар кандай текшерүүдөн корголгон ишкердик туурасында кеңири маалыматтар берилди.
Жолугушуу учурунда «Ишкердик субъектилерин текшерүүлөрдү каттоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы жана «Бизнести коргоо» тиркемеси жөнүндө тааныштырылды.
Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан даярдалган, ишкерлер үчүн «Сиздин укуктарыңыз жана прокуратура органдарына кайрылуунун тартиби» аттуу эскертме ишкерлер менен жарандардын бул маалыматка мүмкүн болушунча ыңгайлуу жетүүсүн камсыз кылуу максатында, райондук прокуратура жана райондук мекеме ишканаларынын имараттарында орнотулду.
Жогорудагылардын негизинде, ишкердик субъектердин укуктарын коргоо жана аларды колдоо боюнча Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан иш аракеттер жүргүзүлө бермекчи.