Токтогул районунун прокуратурасынын демилгеси менен жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында жолугушуу болуп өттү.

2026-жылдын 18-февралында Токтогул районунун прокуратурасынын демилгеси менен жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында Токтогул шаарына караштуу №5 Д.Турдумамбетов, №6 Мулкубат жана №4 Н.Биримкулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектептеринде 8-9-10-11-класстардын окуучуларынын катышуусунда жолугушуу болуп өттү.
Иш чарага Токтогул районун прокурору Б.Абыкеев, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын акимдин орун басары К.Аттокуров, райондук эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын үй-бүлөнү коргоо болүмүнүн кызматкери жана РИИБдин жашы жете электер менен иштөө бөлүмүнун инспекторлору катышты.
Аталган иш-чарада өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун себептери жана аны алдын алуу чаралары, балдарга карата зомбулук, эрте никеге туруу жана мектептеги буллинг сыяктуу көрүнүштөр тууралуу тарбиялык, түшундүрүү иштери жүргүзүлдү.

Leave a Reply