Бүгүн, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев райондогу укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Токтогул шаарынын тургундары менен Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында жолугушту.
Элдик жыйында шаар тургундар тарабынан жол, жер, сугат суу, дарыкана, каналдар, күйүүчү май жана башка көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.
Жогоруда аталган көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча раймамадминистрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев жана райондук мекеме жетекчилери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү кеңештер берилди.



