Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаевдин төрагалыгында техникалык кеңешменин отуруму болуп өттү.
Отурумдун жүрүшүндө Токтогул шаарындагы борбордук стадиондун долбоору, сметасы, аткарылып жаткан иш-аракеттер талкууланды.
Отурумга Жалал-Абад облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Т.Узенбаев, Токтогул шаарынын мэри Б.Максутбаев жана долбоорду иштеп чыккан фирманын өкүлдөрү катышты.