2025-жылдын 9-декабрында Токтогул районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасын Президенти С.Жапаровдун Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030-жылдарга карата коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын алкагында Токтогул шаарындагы мектептин окуучулары, мектеп жетекчилеринин катышуусунда “Ачык эшик күнү” өткөрүлдү.
Иш-чара жаштардын тарбиясын чыңдоо, жоопкерчиликтүү жана мекенчил инсандарды тарбиялоо максатын көздөп, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун себептери жана анын алдын алуу чаралары, балдарга карата зомбулук, эрте никеге туруу, баңги заттарды колдонуу, мектептеги рекет сыяктуу көрүнүштөр боюнча түшүндүрмө иштер жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында окуучулар прокуратуранын ишмердиги, прокуратуранын тузулүшү, системасы жана күнүмдүк иш тууралуу кеңири тааныштырылып, прокурордук көзөмөлдүн коомдогу мааниси түшүндүрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө, окуучулар бир катар кызыктырган суроолорун берип, суроо-жооп форматында мазмундуу талкуу өткөрүлдү. Мындай ачык форматтагы баарлашуулар жаш муундун укуктук маданиятын жогорулатууга жана мыйзамды урматтоого көмөк көрсөтүп, практикалык тушунүктөрүн кеңейтти.





