Токтогул шаарынын аймагында жайгашкан борбордук көчөлөрдүн тазалыгын камсыздоо, жашоочуларга жана ишкерлерге айланасын таза кармоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында райондук мамлекеттик администрациянын 2025-жылдын 9-июлундагы №265 буйругуна ылайык мекеме, ишканалардын жетекчилери бир катар көчөлөргө жооптуу болуп бекитилди.
Бул иш-чаралардын алкагында жашоочуларга жана ишкерлерге өз айланасын тазалап, ирээтке келтирүү, тосмолорду сырдоо, ишканаларга тиешелүү эскирген баннерлерди жаңылоо, шаардын көркүн арттыруу, коомдук жайларда санитардык-гигиеналык абалды жакшыртуу, жашылдандыруу-көрктөндүрүү, ошондой эле көрнөк-жарнактарды мамлекеттик тил боюнча мыйзам талаптарына ылайык жаздырып илинүүсүн камсыз кылуу боюнча түшүндүрүү иштер жүргүзүлүүдө. Калктын арасында үгүт-насаат иштери улантылып, тургундардын активдүүлүгү жана жоопкерчилиги жогорулатылууда.
Бул талаптардын аткарылышы жеринде көзөмөлдөнүүдө.