Токтогул шаарынын маданият үйүнүн чоң залында “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышында форум өттү

28-май 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “2022-2028- жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча” 2023- жылдын 4-декабрында кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын жүзөөгө ашыруу максатында Токтогул шаарынын маданият үйүнүн чоң залында “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышында форум өттү.
Форумда жарандардын коопсуздугун, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого, кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө, укук бузууларды жасоого көмөктөшүүчү себептерин жана шарттарын аныктоо жана жоюу боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маалыматтар берилди. Форумга Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мектеп директорлору, айыл башчылары ж.б. катышты.
Форумду уюштурууда жана өткөрүүдө Токтогул РИИБнүн башчысы милициянын подполковниги К. Искаков жана райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси А. Боржуева зор салымдарын кошушту.
Форумдун жыйынтыгы менен резолюция кабыл алынып жана коомдук коопсуздукту сактоодо, кылмыштуулуктун алдын алууда чоң салымы кошкон жарандар ардак грамоталары менен сыйланды.

Leave a Reply