Жалал-Абад областынын прокурору Т.Ишеналиев тарабынан бекитилген «2026-жылдын февраль-март-апрель айларына карата Жалал-Абад областынын прокуратура органдарынын прокурорлорунун жергиликтүү эл менен жолугушуу» графигине ылайык райондун прокурору Б.И. Абыкеев, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Т. Асанов, укук коргоо органдарынын, мекеме-ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда 2026-жылдын 25-февралында Токтогул шаарынын тургундары менен N2 Боконбаев жана N9 Умаров атындагы орто мектептеринде жолугушуулар өткөрүлдү.
Элдик жыйындын жүрүшүндө шаар тургундар тарабынан ички жолдор, жер, таза суу, электр энергиясы, түнкү рейддер, жөлөк пул, ипотекалык үйлөр, борбордук базарды көчүрүү жана башка көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.
Көтөрүлгөн маселелер боюнча раймамадминистрация башчысы-акимдин биринчи орун басары А.Т. Асанов, райондун прокурору Б.И. Абыкеев, Токтогул шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Т.Ж. Шатманалиев жана тиешелүү райондук мекемелердин жетекчилери тарабынан кеңири түшүндүрмөлөр берилип, мыйзам чегинде чечүү жолдору боюнча сунуштар айтылып, тиешелүү жооптор берилди.
