Торкен, Көтөрмө жана Кара-Жыгач айылдарында кыдыруу уюштурулду

Токтогул РИИБнүн көчмө кабылдамасы менен миграциядагы үй бүлөлөрдүн балдарынын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо, көзөмөлгө алуу ошондой эле кылмыштуулуктун жана үй бүлөлүк зомбулуктардын алдын алуу максатында райондук мамлекеттик администрациянын, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан А.Суеркулов айыл өкмөтүнүн Торкен, Көтөрмө жана Кара-Жыгач айылдарында кыдыруу уюштурулду.
Кыдыруу учурунда үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоону, коргоону, сактоону ошондой эле ар кандай кылмыштардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Leave a Reply