2024-жылдын 9-октябрында райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев райондогу укук коргоо органдарынын, мекеме, ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Үч-Терек айыл аймагынын тургундары менен жолугушту.
Элдик жыйында жергиликтүү тургундар тарабынан жол, жер, эскилиги жеткен электр мамычалары, таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча көйгөйлүү маселелер көтөрүлдү.
Жогоруда аталган көйгөйлүү маселелерди чечүү боюнча раймамадминистрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаев жана райондук мекеме жетекчилери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү кеңештер берилди.
Элдик жыйын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасына ылайык уюштурулду.