Токтогул шаарынын Кызыл-Туу айылында “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул алуучулардын даректүүлүгүн тактоо максатында үймө-үй кыдыруу жүргүзүлдү.
Кыдырууга акимдин орун басары А.Нават кызы, райондук мамлекеттик администрациянын жана райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери чыгышты.
Үйлөрдү кыдыруунун негизги максаты үй-бүлөгө көмөк жөлөкпул алуучулардын даректүүлүгүн, жашоо-шартын аныктоо болуп саналат.
Мындай кыдыруулар башка айылдарда жана Токтогул шаарында да улантылат.