Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы “Улуттук нарк жөнүндө” ПЖ № 157 Жарлыгынын алкагында “Улуттук нарк жана ынтымак кербени” аталыштагы жыйын Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөрүлдү.
Жыйынга Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, КР “Нарктуу аксакалдар ордосу” коомдук бирикмесинин төрагасы Н.Кожогулов, КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Б.Шаршенбиев, “Кыргыз Касиет академиясынын” умай энеси С.Сазаева, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы “Нарктуу энелер” коомдук фондусунун төрайымы Ж.Шаменова, райондун аксакалдары, байбичелери жана жаштары катышышты.
Жыйында адамзат баалуулуктары, элибиздин каада-салты, жашоо-турмушу, үрп-адаттары, таалим-тарбиясы жөнүндө бир катар учкул ойлор ортого салынып, талкууланды.