2024-жылдын 12-мартында Кыргыз Республикасынын Президентинин 29.01.2021-ж. “Инсандын адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене-тарбиясы жөнүндөгү” №1 Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тарабынан уюштурулган окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу максатында өткөрүлгөн спорттун волейбол түрү боюнча аймактык мелдеш Үч-Терек айыл аймагынын Кызыл-Ураан айылынын №32 Бекназар атындагы жалпы орто билим берүүчү мекемесинде өткөрүлүп, мелдешке №29 Нургазиев, №30 Токторалиев, №33 Артыкбаев, №34 Салаев, №32 Бекназар атындагы жалпы билим берүүчү мекемелеринен 5 команда катышып, жогорку деңгээлде оюн көрсөтүштү.
Жыйынтыгында төмөндөгү орундарга ээ болушту:
1-орунга №32 Бекназар а.о.мектебинин балдар командасы;
2-орунга №29 Нургазиев а.о.мектебинин балдар командасы;
3-орунга №34 Салаев а.о.мектебинин балдар командасы;
4-орунга №30 Токторалиев а.о.мектебинин балдар командасы;
5-орунга №33 Артыкбаев а.о.мектебинин балдар командасы.
Уткан командалар диплом, кубоктор менен сыйланышты.