Жаңы бала бакча пайдаланууга берилди

Бүгүн, Кетмен-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күңгөй жана Ак-Тектир айылдарынын мектепке чейинки балдары үчүн Көпүрө-Башы участкасында жаңы бала бакчанын ачылыш аземи болуп өттү.
Аталган иш чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Багымбаев, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, мекеме ишкана жетекчилери жана бала бакчага салымын кошкон демөөрчүлөр, айыл аксакалдары, айыл тургундары катышты.
Көпүрө-Башы участкасындагы мектеп, бала бакчага ылайыкташып капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Дүйнөлүк банктан 1 745 876 сом сарпталып, жергиликтүү бюджеттен 2 млн сом акча каражаты менен айланасы тосулуп, фасад, өрт коопсуздугуна каршы үндөөчү аппарат, ички керектүү каражаттары алынды, республикалык бюджеттен 1188,0млн сом жабдуулар (оборудование) алынган.
Бакча 75 орундуу, 17 кызматкер жумуш менен камсыз болду.
Демөөрчүлөргө райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлыктары тапшырылды.

Leave a Reply