“Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз келечек” аттуу жаштар форуму болуп өттү

Бүгүн Токтогул шаарындагы А.Керимбаев атындагы маданият үйүндө “Жаңы муун – жаркын келечек, таза муун – коопсуз келечек” аттуу жаштар форуму болуп өттү.
Форумдун максаты – жаштар арасында зордук-зомбулуктун, экстремизмдин, бангиликтин алдын алууга багытталган туруктуу баалуулуктарды өнүктүрүү, ошодой эле мотивацияны жогорулатуу, эрте никеге туруу сыяктуу социалдык көйгөйлөрдүн алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин, аң-сезимдүү жарандык позицияны калыптандырууга багытталган.
Форумга райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебав, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун, райондук эмгек, социалдык коргоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери жана мектеп окуучулары катышышты.

Leave a Reply