Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 449 токтому менен бекитилген Балдар иштери боюнча комиссия жөнүндө типтүү Жобого ылайык райондук мамлекеттик администрациянын Балдар иштери боюнча комиссиясынын курамына жарандык коомдун өкүлүнөн киргизүү үчүн документтер кабыл алынат.
Талаптар: Жарандык коомдун талапкерлери социалдык коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо чөйрөлөрүндө, балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жаатында иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары болушу керек.
Комиссиянын курамына кирүүнү каалаган жарандык коомдун талапкерлери райондук мамлекеттик администрацияга төмөнкү документтерди:
– жеке арызын;
– паспортунун көчүрмөсүн;
– резюме;
– эмгек китепчесинин көчүрмөсүн жиберет.
Арыздарды кабыл алуу жарыяланган күндөн тартып он беш календарлык күндүн ичинде райондук мамлекеттик администрация тарабынан жүргүзүлөт.
Суроолор үчүн байланыш номер 0552 324747.
