ЖАРЫЯ!!!

Токтогул райондук өнүктүрүү фондусу, регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө, ошондой эле айыл чарба секторун өнүктүрүүгө (мал чарбасынан тышкары) бюджеттик кредиттөө түрүндө каржылоого пландалган, экономикалык долбоорлорду 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сомго чейин каржылайт.
Фонддун каражаттарынын эсебинен бюджеттик кредиттөөнүн шарттары:
– акы төлөө – кредитти пайдалангандыгы үчүн пайыздык ставка – жылдык 2 пайыз;
– бышмана (туум) – жылдык 6 пайыз;
– ишкердик субъекти тарабынан бюджеттик кредитти кайтаруу боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылууну ликвиддүү күрөө, банктык кепилдик же кепилчилик түрүндө берүү;
– төмөнкүлөр камтылган, бюджеттик кредиттерди алуучулардын төлөө жөндөмдүүлүгү:
o карыз алуучунун мурда берилген бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарынын жоктугу;
o карыз алуучунун Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында белгиленген салыктарды жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча карыздарынын жоктугу;
– мөөнөтү – бюджеттик кредиттер төмөнкү мөөнөттөргө берилет:
o 3 000 000 (үч миллион) сомго чейинки суммада – 5 жылга чейин;
o 3 500 000 (үч миллион беш жүз миң) сомго чейинки суммада – 7 жылга чейин;
Керектелүүчү документтер I этап:
1.Чакан долбоордук сунуштун аталышы.
2. Өтүнмө ээсинин (паспорт).
3. ИП же ОсОО (свидетельство)
4. Экономикалык долбоорлор үчүн каржылоо алууга өтүнмө (3-тиркеме).
5. Өтүнмө ээсинин анкетасы (3-1-тиркеме).
5. Кредиттик каражаттардын эсебинен сатып алынуучу товарлар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымат
6. Бизнес план. (долбоордун натыйжалуулугун, кирешелүүлүгүн жана болжолдуу экономикалык көрсөткүчтөрүн камтыган бизнес-план).
7. Жабдыктардын же товарлардын сметасы.(эмне сатылып алынат же аткарылат).
8. Жабдыктардын же товарлардын техникалык мүнөздөмөсү (жабдыктын же товардын сүрөтү тиркелет).
9. Салык кызматынан тактама (справка)
10. Карыз алуучунун мурда берилген бюджеттик кредиттер боюнча мөөнөтү өткөн карыздарынын жоктугу боюнча. КИБтен документ. (МБанк аркылуу алса болот)
11. -Бухгалтреский баланс (акыркы 3 жыл тиркелет). Эгерде стартап-долбоор болсо бухгалтердик баланс суралбайт жаңы ачылган жагдайда.
(Байкоочу кеңештин комиссиясы карап чыккан соң, кошумча документтер суралат II-этабында) (Акча каражаты чектелүү)
Дареги: Токтогул шаары, А.Суеркулов №1. Токтогул финансы башкармалыгы .(Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын 2 кабаты)

Leave a Reply