Токтогул районунун прокуратурасы жана Токтогул райондук мамлекеттик администрациянын демилгеси менен мекеме-уюмдардын катышуусунда Толук айыл өкмөтүнүн №24 Канаша жана №25 Бекболотов орто мектебинде “Жаш өспүрүмдөр үчүн тарбиянын мааниси – прокурордун көз карашынан, мекенге пайдалуу инсан болуу бүгүнкү аракеттен башталат” аттуу баяндама окулуп, ошондой эле жаш өспүрүмдөр арасында зордук зомбулук, жыныстык кол тийбестик, эрте никеге туруу ж.б. кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган жыйынга Токтогул районунун прокурору Б.Абыкеев, Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары К.Аттокуров, Токтогул районунун прокурорунун жардамчысы Н.Ташманбетов, райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси А.Мүсүралиева, Толук айыл өкмөтүнүн башчысы А.Асанов, аймактык милициянын өкүлү Б.Абдылдаев аталган мектеп директорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары, 64 мугалим, 333 ата-энелер жана 9,10,11-класстын 89 окуучулары катышты.
Иш-чаранын алкагында окуучуларга кылмыштуулук боюнча толук жана ар тараптуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жана алар тараптан берилген суроолорго толук кандуу жооп берилди.
Адам укугун жана эркиндигин сактоо, анын ичинде жаш өспүрүмдөрдүн укугун коргоо боюнча Токтогул райондук прокуратурасы тарабынан иш аракеттер жүргүзүлө бермекчи.