Жашы жете электер арасында эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу аракеттерин көрүү максатында райондук мамлекеттик администрацияда жыйын өттү

Жашы жете электер арасында эрте никеге туруунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу аракеттерин көрүү максатында райондук прокуратуранын жана райондук мамлекеттик администрациянын Балдар иштери боюнча комиссиясынын иш-пландарына ылайык райондук мамлекеттик администрацияда жыйын өттү.
Жыйынга райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары К.Аттокуров, райондун прокурорунун улук жардамчысы А.Джакупов, жардамчысы А.Карыпбаев, райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун, райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларынын орун басарлары, социалдык адистери, айыл башчылар жана айылдардын имамдары катышышты.
Жыйында жашы жете элек кыздардын эрте никеге туруусунун алдын алуу боюнча системалуу иш алып баруунун зарылдыгы, жаштардын укуктук маалымдуулугун жогорулатуу, ата-энелер менен түшүндүрүү иштерин күчөтүү жана билим берүү мекемелеринде профилактикалык иш-чараларды туруктуу жүргүзүү боюнча сунуштар кабыл алынды. Ошондой эле коомчулуктун арасында маалыматтык кампанияларды кеңейтүү аркылуу эрте никеге туруунун кесепеттерин түшүндүрүү маанилүү экени баса белгиленди.

Leave a Reply