Жыл жыйынтыгы чыгарылды

2026-жылдын 26-январында 2025-жылдын жыйынтыгы, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жөнүндө райондук мамлекеттик администрациянын коллегиясы болуп өттү.
Аталган коллегияга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппарат жетекчиси А.А. Акбаралиев, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев, райондук ишкана, мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, мектеп директорлору, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Коллегиянын жүрүшүндө жыл ичинде райондун аймагында аткарылган иш-аракеттер жөнүндө кеңири маалыматтар угулуп, талкууланды.
Ошондой эле 2025-жылы райондун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлерге сыйлыктары тапшырылды.
“Жылдын мыкты айыл өкмөтү” наамы Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнө, “Жылдын мыкты мекемеси” N23 Жол тейлөө ишканасына, “Жылдын мыкты жетекчиси” Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги К.Дж. Искаковго ыйгарылды.

 

 

Leave a Reply