“Жылдын мыкты мугалими – 2025” республикалык конкурсунун райондук этабынын жеӊүүчүлөрү аныкталды

“Жылдын мыкты мугалими – 2025” республикалык конкурсунун райондук этабынын жеӊүүчүлөрү аныкталды.
Конкурска район боюнча жалпы 23 мектептин мугалимдери катышты.
Конкурстун катышуучуларына райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамоталары” жана райондук профсоюз комитетинин тарабынан акчалай сертификаттар, баш байгенин жеңүүчүлөрүнө “Аврора” эс алуу жайына жолдомо берилди.
“Баш байгени” № 6 Мүлкүбат атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин география мугалими Рысбаева Махабат Рысбаевна ээ болуп, райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасы” жана “Аврора” эс алуу жайына жолдомо тапшырылды. №4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп гимназиясынын башталгыч классынын мугалими Сыдыкова Жазгул Нурказаковнага, № 13 Коргол атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин химия мугалими Эсенбеков Амангелдиге, № 29 Нургазиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Толкунбек кызы Айпериге акчалай сертификат, райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасы” менен сыйланды. № 35 Чаргынов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин биология мугалими Кадыралиева Нургүлгө, №31 Чодошев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин математика мугалими Абакулова Барчынайга, № 39 Жунусалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Бейшебаева Кларага, № 20 Жүндүбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин физика мугалими Асанбекова Назгүлгө, № 12 Турусбек атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Касымбекова Назгүлгө акчалай сертификат, райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасы” тапшырылды. Активдүү катышкан мектептердин мугалимдерине акчалай сертификаттар жана райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасы” менен сыйланышты.
“Жылдын мыкты тарбиячысы” республикалык конкурсунун райондук этабына жалпы 11 бала бакчанын тарбиячылары катышты.
“Жылдын мыкты тарбиячысы” номинациясына № 4 “Чабалекей” бала бакчанын тарбиячысы Алымкулова Таалайканга, № 2 “Арча – Бешик” бала бакчанын тарбиячысы Максатбек кызы Чолпонайга, №13 “Байчечекей” бала бакчасынын тарбиячысы Исмаилова Кыялга, № 5 “Кызгалдак” бала бакчасынын Темирова Асылга акчалай сертификаттар жана райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасы” тапшырылды. № 7 Жылдыз бала бакчасынын тарбиячысы Даниярова Айганыш “Баш байгени” ээлеп “Аврора” эс алуу жайына жолдомо, райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасы” менен сыйланды. Калган бала бакчанын катышуучуларына акчалай сертификаттар жана райондук билим берүү бөлүмүнүн “Ардак грамотасы” тапшырылды.

Leave a Reply