Бүгүн, Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн Мазар-Суу айылындагы №14 Жоомарт мектебинин алдында “Келечек үчүн билим” долбоору аркылуу 3 сааттык бала бакчалар ачылды.
Ачылыш аземине райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары А.Нават кызы, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Боржуева, айыл өкмөт башчысы Б.Багымбаев, эмгек ардагерлери жана ата-энелер катышты.
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин алдында Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим ”долбоору ишке ашырылып жатат. Долбоордун негизинде жаңыдан түзүлгөн ар бир бала бакчага эмерек, оюнчуктар, окуу үчүн жабдуулар, материалдар берилди жана ачык абадагы оюн аянтчалары орнотулду.
Бүгүн, 3-5 жаш курактагы балдарды камтуу менен 3 сааттык 1 бала бакчага 50 бала тартылды. 3 жумуш орун түзүлдү.