Бүгүн Токтогул району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн техникалык материалдык базасы чыңдалып, өзгөчө кырдаалдарда куткаруу иштерине колдонуу үчүн жаңы шаймандар менен камсыздалды.
Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким А.Тюкебаев бөлүмдүн кызматкерлерин 1-июль куткаруучулар күнү менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырып, жергебизде тынчтык болуусун каалады.
Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө :
– 1 даана – Лодка;
– 1 даана – Лодканын мотору;
– 2 даана – компьютер;
– 1 даана – ноутбук;
– 1 даана – дрон;
– 2 даана – чатыр;
– 6 даана – көтөрмө радиостанция (рация);
– 5 даана – горный термос;
– 2 даана – газ баллон;
– 5 даана – куткаруу жилет;
– 1 даана – штативный прожектор;
– 4 даана – бинокль;
– 1 даана – лавинный датчик;
– 2 даана – лавинный щуп;
– 2 даана – повербанк.
Жалпы наркы 870 727 сомдук ар кандай шаймандарды алуу үчүн Токтогул райондук өнүктүрүү фондусу тарабынан каражыланды.