Райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.Тюкебаев 2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен Жалпы Республикалык Тестирлөөдө жогорку балл алган окуучуларды жана олимпиадаларда, конкурстук сынактарда ийгиликтерди жараткан окуучуларды куттуктап, белектерди тапшырып, аларды ата-энелерине ыраазычылык билдирди.
2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен Жалпы Республикалык Тестирлөөдөн жогорку бал алган окуучулар менен сыймыктанабыз.
N22 З.Жамгырканов атындагы орто мектебинин окуучусу Тяньшанов Айэмир – 213 балл;
N4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын окуучусу Тилепов Актилек – 209 балл;
N29 М.Нургазиев атындагы орто мектебинин окуучусу Ырысбеков Жылдызбек – 205 балл;
N4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын окуучусу Анарбаев Дилмурат – 203 балл;
N29 М.Нургазиев атындагы орто мектебинин окуучусу Абанова Адеми – 200 балл;
N4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын окуучусу Давлеталиев Тайырбек Бириккен Араб Эмиратында өткөн математика боюнча олимпиадасынын алтын медалынын ээси;
N2 Ж.Бөкөмбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Жумабекова Даниелла “Кыргызстандын мыкты окуучусу-2024” төш белгисинин ээси.