Урматтуу социалдык чөйрөнүн кызматкерлери!
Сиздерди 19-октябрь – Кыргыз Республикасынын социалдык коргоо жана профсоюздар кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм.
Бүгүнкү күндө социалдык коргоо системасында өз кесибин сүйгөн жана колдоого, боорукердикке муктаж болгон жарандардын баарына мээримин төккөн, жүрөгүнүн жылуулугун бөлүшкөн мээрман адамдар эмгектенет. Сиздер адамдардын кубанычын жана кайгы-капасын тең бөлүшүүгө, татаал учурда жардамга келүүгө дайым даяр турасыздар. Ошону менен бирге өз эмгегиңиздерди эң баалуу ишке – мамлекеттин жардамына жана камкордугуна муктаж жарандарды колдоо ишине арнап келесиздер. Алар улгайган адамдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй бүлөлөр.
Сиздердин оор жана түйшүктүү, бирок коомубуз үчүн өтө маанилүү ишиниздер ийгиликтүү болсун. Калктын аярлуу катмарына камкордук көрүп, мамлекетибиз үчүн ак кызмат кыла беришиңиздерге тилектешмин.
Сиздерге чың ден соолук, ишиниздерге ийгилик, бейпил жашоо жана үй бүлөлүк бакыт каалайм!
Урматым менен,
Токтогул райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А.Тюкебаев